Тунисте террорчулардын чабуулунан 23 адам каза тапты

Тунистеги "Бардо" музейине келген 20 чет элдик турист жана музейдин 3 кызматкери террордук чабуулдун курмандыгы болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 18-мартта болгон. Анда музейди чет элдик туристтер көрүп жүргөн маалда куралчан адамдар кирип, баарын аткылап салышкан. Натыйжада 20 турист, алардын басымдуу бөлүгүн италиялыктар түзүп, 1 орусиялык аял каза таап, бири колунан жаракат алган. 

Кечээ, 19-мартта музейдеги кол салууну “Ислам мамлекети” террорчул тобу кылгандыгын моюнуна алып, ал тууралуу видео жарыялады. Террорчуларды кармоо учурунда экөө жок кылынып, кылмышка шектүү катары 9 адам кармалды. 

Белгилүү болгондой, "Ислам мамлекети" террорчул тобу мындай кол салуулар дагы болорун эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Qnet
2015-03-20 08:56:06
Террористер мусулмандар эмес,алар олтургучтор!
+3
nurik2103
2015-03-20 09:48:31
Озу мусулмандар баарыбыз ушундай ачууга алдырып койобуз, учуу келсе баш иштебейт тилегине жетсе болду
0
zhykyo
2015-03-20 09:50:20
Кирип эле кырып салганго баарын
0
XAH.
2015-03-20 14:45:38
Таза айбанго
-1
tyke88
2015-03-21 11:03:50
Апей кирип каткылап салганга чейин карап тура беришкенби кызык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан