Бишкекте Аламүдүн районунун тургуну психотроптук зат менен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 41 жаштагы С.В. аттуу жаран кармалган. Анда анын жанынан "Диазепам" аталышындагы 7 таблетка табылган. Учурда бул факт боюнча иликтөө улантылууда.
Маалымат үчүн: Диазепам күчтүү транквилизатор болуп саналат. Айрым учурларда ал баңгизат катары колдонулат.