Чүй облусунда сууга чөгүп кеткен адам изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-март күнү Москва районунун Спартак айылынын 1986-жылы туулган тургуну балык уулаганга айылдагы көлмөгө барып, сууга чөгүп кеткен. Кечээ, 19-март күнү аталган жерге куткаруучулар барышып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок натыйжа болгон жок.