Жарандык коргонуунун
Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында
12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү
тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Арча-Бешик
конушундагы турак жайлардын биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, темир менен жабылган бастырманын чатыры жана 6 куб отун күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна этиятсыздык себеп болгон. Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы турак жайлардын биринен өрт чыкты. Анда жыгач устундуу, шифер жабылган эки кабаттуу бастырманын 76 чарчы метр чатыры, 150 түк чөп,
1,5 куб отун күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.