Сузак райондук кыймылсыз мүлктү каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2012-жылы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы 4 тургунга айыл чарбага керектүү жер тилкесин жер мыйзамын одоно бузуу менен берген. Ал эми 2014-жылы Сузак райондук кыймылсыз мүлктү каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынын кызмат адамдары жердин мыйзамсыз берилгенин билип туруп жеке менчикке өткөрүп беришкен. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.