Чүйдө Ооганстандын жараны 8 килограмм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-март күнү Чүй облусунда 1962-жылы туулган Ооганстандын жараны баңгизат сатып жаткан жеринен кармалган. Анын унаасын текшерүү учурунда 8 килограмм 15 грамм героин табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.