Бишкекте каракчылыкка шектелгендер кармалышты

Бишкекте каракчылыкка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 20 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал 5-март күнү саат 22:00 чамасында эки белгисиз бала бычак такап коркутуп, акчасын жана уюлдук телефонун алып кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Кочкор районунун эки тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан