Бишкек-Ош унаа жолунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Сокулук районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 19-мартта болгон. Анда Бишкек-Ош унаа жолунда жол боюнан 50 жаштар чамасындагы аялдын жансыз денеси табылган. Адистер аны унаа сүзгөнүн жана ал катуу соккудан улам каза тапканын аныкташкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 1 сааттан кийин аялды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан