"Борбордогу кичи райондордун биринен жашы жете элек кызды зордуктоого аракеттенген" деген маалымат боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-март күнү милицияга арыз менен 48 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда саат 16:00 чамасында 20-25 жаштардагы белгисиз жаран коркутуу жолу менен анын 12 жаштагы кызынын уюлдук телефонун жана бир сөйкөсүн жулуп алганын айткан. Алыс эмес жерде ити менен сейилдеп жүргөн кинолог кыздын кыйкырыгынан улам чуркап келип, аны куткарып калган. Учурда бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаранды издөө иштери жүрүүдө.
"Учурда ал жаранга карата тоноо фактысы боюнча гана кылмыш иши козголду. Бирок социалдык тармактарда "ал жаран кызды зордуктоого аракеттенген" деп айтылууда. Эгерде бул факт далилденсе, ал берене боюнча да кылмыш иши козголмокчу",- деп билдиришти шаардык милициядан.