Бишкекте уурулукка шектелген айым кармалды

Бишкек шаарында уурулукка шектелген айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 34 жаштагы жаран кайрылган. Анда белгисиз жарандар анын үйүнүн айнегин талкалап, жалпы суммасы 650 долларлык буюм-тайымдарын алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары шаардын тургуну кармалды. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан