Индиянын түндүк тарабында орун алган Уттар-Прадеш аймагында поезд жолдон чыгып кетип, 22 жүргүнчү каза таап, 150дөй адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта чет элдик массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган поезддин машинисти жолдун ачык же жабыктыгын билдирүүчү белгини байкабай калып, поезд жолдон чыгып кеткен. Натыйжада жолдон локомотив жана жүргүнчүлөр жүрүүчү эки вагону чыгып, аңтарылып кеткен. Учурда кырсык болгон жерде куткаруу иштери жүрүүдө.