Ысык-Көлдө бала бакча жетекчиси пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл районундагы бала бакчалардын биринин башчысы жергиликтүү тургундун баласын бала бакчага кабыл алуу үчүн андан 5 миң сом талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган жетекчи пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.