Баткенде мал уурулукка шектелген өспүрүм балдар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан мал уурулукка шектелген 6 өспүрүм бала кармалган. Алар 4 мал уурулук фактысын моюндарына алышкан. Учурда кылмыштуу топтун башчысы 17 жаштагы И.Т. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал мурда да мал уурулук боюнча соттолгон.