Бишкекте уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-март күнү Жаш Гвардия жана Чүй кең көчөлөрүнүн кесилишинен 3 бала кармалган. Аларды текшерүү учурунда биринен ок атуучу курал алынган. Ошондой эле кармалгандардын Бишкек шаарында катталган бир катар уурулук фактыларына катыштыгы бар экени аныкталган.