Баткен районунда жыл башынан бери 8 мал уурулук фактысы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Көк-Таш айылында 3, Кара-Бак айылында 3, Жаңы-Жер айылында 2 мал уурулук фактылары болгон. Бул айылдар тажик, өзбек өлкөлөрү менен чектеш болгондуктан, уурулук көп катталат. Көбүнчө мындай учурларда айыл аксакалдары жардамга келип, коңшу өлкөлөрдүн жарандары менен сүйлөшүп, уурдалган малдарды кайтарып беришет.