21-март күнү Ош шаарында 19 кылмыш катталган. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, катталган кылмыштардын 17синин бети ачылган. Алардын арасында 1 тоноо, 2 уурулук, 1 баңгизатын мыйзамсыз сактоо, 6 денеге зыян келтирүү, 1 зөөкүрлүк фактылары да бар.
Ал эми Ош облусу боюнча жалпы 30 кылмыш катталып, анын ичинен 25 кылмыштын бети ачылган. Өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес