Бишкек шаарында дайынсыз делип изделип жаткан окуучу кыз табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15 жаштагы Тынчтыкбек кызы Айдана дос кызынын үйүнөн табылган.
Айта кетсек, Айдана 18-март күнү саат 07:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз делип изделип жаткан.