Чүй облусунда сууга чөгүп кеткен адамды издөө иштери улантылууда

Чүй облусунда 18-март күнү сууга чөгүп кеткен адамды издөө иштери натыйжа бере элек. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 18-март күнү Москва районунун Спартак айылынын 1986-жылы туулган тургуну балык уулаганга айылдагы көлмөгө барып, сууга чөгүп кеткен. Аны издөө иштери 19-20-21-март күндөрү да жүргүзүлгөн. Тилекке каршы, издөө иштери натыйжасыз болууда. Белгилүү болгондой, аталган жаранды издөө иштери бүгүн да улантылмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан