Өлкө аймагында 20-марттан 22-мартка чейин 61 жол кырсыгы катталып, 7 адам каза таап, 87 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 1521 жол эрежелерин бузуу фактысы катталган. Анын ичинен 239 мас абалдагы айдоочу токтотулган, 160 айдоочунун жанында тиешелүү документтери жок болуп чыккан. 29 айдоочунун унаасынын мамлекеттик номуру жок же жасалма экендиги аныкталган. Андан сырткары 721 айдоочу жол эрежесин бузган жана 372 унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган.