Бишкек шаарында адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-мартта борбордогу турак жайлардын биринен 44 жаштагы үй ээсинин жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери жана тиешелүү адистер ал бир нече бычак жарааттарынан каза тапканын аныкташкан. Иликтөө иштеринин алкагында маркумдун үйүнөн спирттик ичимдиктер да табылган. Бир нече сааттан кийин кылмышка шектүү катары анын таанышы кармалган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, маркум менен аны таанышынын ортосунда уруш чыгып, кылмышка шектүү аны бычак менен сайып өлтүрүп алган. Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.