Кочкор районуна караштуу Эпкин айылында жол кырсыгы катталып, айдоочу жана жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 21-март күнү саат 22:00 чамасында болгон. Анда 40 жаштагы айдоочу Ауди-С-4 үлгүсүндөгү унаанын рулун башкара албай, унаа ала салып кеткен. Оор жаракаттардан улам айдоочу жана анын жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болуп калышкан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, соттук-медициналык жана унаа-техникалык экспертиза дайындалды.