Борбор калаада айдоочу жөө адамды сүзүп, ал ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 22-мартта саат 22:00 чамасында болгон. Анда Хонда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол боюнда турган адамды сүзүп кеткен. Натыйжада ал ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.