Бишкек шаарында 300 лотереялык билетти уурдоого шектелген айым кармалды

Бишкек шаарында 300 лотереялык билетти уурдоого шектелген айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 27 жаштагы М.Болот аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жаран анын сумкасынан 300 лотереялык билетти уурдап кеткенин айткан. 

"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы А.Айпери аттуу айым кармалды. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "уурулук" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды",- дейт О.Казабаев. 

Белгилүү болгондой, учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Миллионер болууну самаган айым эми тор артында күн кечирмекчи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle
2015-03-23 14:46:10
Сатуучуда ар бир билеттин сериалык номери калып калган окшойт да?
Тиги аял бир аз болсо да акча утуп, утугун алам деп жатканда кармалган болуш керек. :) окшоштубу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан