Борбордо бейбаштыкка шектелип Беларустун жараны кармалды

Борбор калаада бейбаштыкка шектелип Беларустун жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 27 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал европа улутундагы 25-30 жаштар чамасындагы белгисиз жаран аны себепсиз ур-токмокко алганын айткан. Натыйжада ал денесинен бир нече жаракат алган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Г.Андрей аттуу Беларустун жараны кармалган. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
beka1207
2015-03-23 14:09:24
Копкон экен ....оз уйундо коногун сабаса)))
0
bom.bon
2015-03-23 14:31:22
Шамал болбосо дарактын башы кыймыл этпечу эле?
0
bazar
2015-03-23 14:42:17
Бул жөн эле Беларус бийлиги менен соодалашууну көздөгөн амалы. "эгер Бакиевди берсең, мен сенин жарааныңа тийишпейм" кыязында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан