Бишкек шаарында мектеп окуучуларын тапанча менен коркутуп тоноп жүргөн 5 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен мектеп окуучусунун ата-энеси кайрылган. Анда ал кечээ кечинде белгисиз 4 өспүрүм 15 жаштагы баласын тапанча менен коркутуп акчасын жана кымбат баалуу уюлдук телефонун алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы 5 өспүрүм кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, алардын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экени аныкталууда.