Кемин районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-март күнү Тойота жана БМВ үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада БМВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ар түрдүү жаракаттарды алып, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп, күнөөлүү айдоочу аныкталууда.