Акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, Кызыл-Кыя шаарында барак тибиндеги турак жайдын чатыры күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
Кызыл-Кыя шаарында 7 адамга караштуу барак тибиндеги, жыгач устундуу, шифер жабылган турак үйдүн 765 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Андан сырткары №2-батирдин бөлмөсүнөн 10 жууркан, сыналгы, диван, килем, электр меши, эшик, терезе, 9 чарчы метр жыгач полу, 12 чарчы метр жыгач шыбы да күйүп кеткен. Учурда 6 батирдин ээлери жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Ош шаарындагы Набережная көчөсүндөгү турак жайлардын биринен өрт чыкты. Анда ашкананын 2 чарчы метр жыгач шыбы, муздаткыч, кир жуугуч машина толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gensek
2015-03-23 16:05:13
кызыл кыядагы орт жаман болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан