Ысык-Көл облусунда кылмышка шектүү жарандын мурда катып койгон 32 килограммдан ашык баңгизаты табылды

Ысык-Көл ОИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, учурда СИЗОдо отурган Түп айылынын Анатолий аттуу тургунунун мурда катып койгон баңгизаттарын табышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Издөө иштеринин натыйжасында аталган айылдын түштүк тарабынан 32 килограммдан ашык марихуана табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан