Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Жалал-Абад облусунда 3, Чүй облусунда 2, Баткен жана Ысык-Көл облустарында бирден өрт кырсыгы катталган.
Бишкектеги 6-кичи райондо турак үйдөн өрт чыгып, тиричилик техникалары күйүп кеткен. Ошондой эле Аламүдүн районунун Бирлик айылында бастырманын чатыры, 500 түк чөп күйгөн. Кырсыктын келип чыгуусуна үй ээсинин таштанды өрттөгөнү себеп болгон.