Бишкекте каракчылыкка шектелгендер кармалышты

Бишкекте каракчылыкка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 27 жаштагы Ш.Эльдар кайрылган. Анда ал чала тааныш Малик, Аскат, Чика аттуу адамдар колуна кишен тагып, Мерседес унаасында 500 доллар жана 2000 сом акчасын тартып алышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 28 жаштагы М.Аскат жана 27 жаштагы Д.Абдумалик кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан