Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-мартта Алматы көчөсүндө Хонда жана Субару үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада Субару үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.