Бишкекте пенсионерди алдап, 100 миң сомун алып кеткен үч аял изделүүдө

Бишкекте пенсионерди алдап, 100 миң сомун алып кеткен үч аял изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-март күнү үч аял пенсионер айымга өздөрүн “пенсиялык фонддун кызматкерлерибиз” деп тааныштырышып, лотереядан акча утуп алганын айтышкан. Кийин ага унаанын ичинен 300 доллар беришкен. Ошондой эле алар жакында акча күчүн жоготорун айтып, банкноттордун номерин жазуу керектигин билдиришкен. Буга ишенген пенсионер айым буга чейин чогулткан 100 миң сомун берген. Андан соң алар изин жашырып кетишкен. Учурда алар изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан