Оштогу аэропорттон Сирияга кетүүгө аракеттенген Тажикстандын 3 жараны кармалды

Ош шаарынын аэропортунан Сирияга кетүүгө аракеттенген Тажикстандын жарандары кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, окуя 22-март күнү болгон. Кармалган Тажикстандын 3 жараны алгач Стамбулга, андан ары Сирияга сапар алмак. Иликтөө иштеринин алкагында аларды Сирияда жүргөн А. аттуу жаран социалдык тармактар аркылуу "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарына кошулууга үгүттөгөнү аныкталган. Тиешелүү иш-чаралардан кийин кармалган жарандар Тажикстандын күч органдарына өткөрүлүп берилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ANELKA
2015-03-25 17:22:49
Ushul tajikterge dagy siler pasport jasatyp beresiner. akcha bersele. Anan Kyrgystandyn atynan ketishet, tigi ozbekterge okshop.
+1
bom.bon
2015-03-25 18:03:47
кыргыз деп паспорт алдыбы анда кыргыз деп айтуу керек!кыргызстандык озбек деп айтканына эч тушунбойм.кыргызстанда жашагандан жеп ичип абасыда дем алгандан кийин кыргыз деп журогу согуш керек!андай болбосо чоон кочону коргозуп кою керек чек араны артыдан!озбекстанда орустарда кытайларда калганын айтпайле койоюун озбекмин деп озбекче суйлошот экен.(темадан тышкары кеткеним учун кечирим сурайм)
+8
st1m_
2015-03-25 20:52:28
bom.bon, Бизде кыргыздар озубуз тырандап оз тилибизди чанабыз анан башкалар кыргыз тилине тукуруп да койобу,уйронгонду жон эле кой.
+5
begai93
2015-03-26 03:28:13
Тажикстандын жарандары баргылары келсе эмнеге ошол жактан эле кете бербей Ошко келди деймда.же аларда аэропорт жок бекен?Бул жерде менимче озулор жактан катуу текшерип кете албай,через Ош кетип калабыз дешкен,же болбосо Оштон дагы адамдарды угуттоп кошуп кетебиз деп ойлошкон болсо керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан