Чүй облусунун тургуну курулуп жаткан имараттан таап алган ок-дарыларды тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кызыл-Октябрь айылынын 50 жаштагы И.Д. аттуу тургуну ИЖ-32 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды өз эрки менен милицияга тапшырган. Ал куралды Чүй каналынан таап алганын айткан. Ошондой эле 18-март күнү 54 жаштагы А.Ю. аттуу Константиновка айылынын тургуну да курулуп жаткан имараттан таап алган ок-дарыларды тапшырган.