Кыргыз жеринде “Ислам мамлекети” уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 13-февраль күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту “Ислам мамлекети” уюмун “террористтик” деп таап, кыргыз жеринде анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Соттун чечими 16-марттан баштап күчүнө кирген.