Борбор калаада "бычак такап тоноп жүрүшкөн" деп шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга бир нече арыз түшкөн. Анда жабылануучулар караңгы убакта белгисиз жарандар күч колдонуу менен, айрымдарын бычак менен коркутуп тоноп кеткендерин билдиришкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Бакай-Ата районунун эки тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.