Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддин алкагында баңгизат чегип алып көчөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сүйөркулов жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен шаардын тургуну документин текшерүү үчүн токтотулган. Анын өзүн алып жүрүүсү жана абалы шектүү көрүнгөн. Ал эми документтерин текшерүү маалында күрмөсүнүн чөнтөгүнөн бир нече кутучага бөлүнүп салынган героин табылган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.