Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң залында негизги сабактар боюнча 2015-жылдын шаардык олимпиадасынын III баскычынын жабылышы өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, быйыл олимпиадага шаардын мектептеринен 429 окуучу катышкан. Иш-чара Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен №62-мектеп-гимназиясынын базасында өткөрүлдү. Окуучулар эки күндө 10 сабактан тиешелүү тапшырмаларга жооп беришти.
Олимпиаданын башкы максаты окуучулар арасында сабактарга болгон кызыгууну арттыруу, ошондой эле жогорку класстарга алдыда кандай кесипти тандоо керектигине жол көрсөтүү болуп саналат.
Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана белектер тапшырылды.