Бишкекте жашырылган ок атуучу курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Батыш автобекети жактагы турак үйлөрдүн бири тинтүүгө алынып, анын негизинде эки ок атуучу курал жана ар кандай калибрлүү көп сандагы ок-дарылар табылган. Учурда бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.