Кар көчкүдөн улам жабылган Торкен - Толук унаа жолу ачылды

Кар көчкүдөн улам жабылган Торкен - Толук унаа жолу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кар көчкү 25-март күнү саат 03:30 чамасында Токтогул районундагы Торкен - Толук унаа жолунун 68-чакырымына түшкөн. Мындан улам жол убактылуу жабылган. Кардан тазалоо иштерине ЖЭМ-23 транспорт кызматы тарабынан 2 бульдозер тартылып, жол толук тазаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан