Баткен облусунда катуу шамалдан улам келтирилген чыгым 174 миң сомдон ашты

Баткен облусунда катуу шамалдан улам келтирилген чыгым 174 миң сомдон ашты. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-март күнү аталган облустун Баткен жана Кадамжай райондорунда катуу шамал катталган. Жалпы 72 даана шиферди, 300 даана темир листти, 5,5 метр куб жыгач материалдарын шамал учуруп кеткен. Ал эми келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 174 400 сомду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан