Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-255-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 26-марттан 1-апрелге чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Мындан улам бүгүн кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери башталды.