Кара-Көлдө милиция кызматкерлерин таш менен ургандар кармалышты

Кара-Көлдө милиция кызматкерлерин таш менен ургандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-марттан 22-мартка караган түнү саат 01:45 чамасында милиция кызматкерлери Кара-Көл шаарынын Сабиров көчөсүндө топ балдар мушташып жаткан жерге чакыруу менен барышып, урушту токтотууну талап кылышкан. Бирок топтошкон балдар алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүп, таш менен урушкан. Анын кесепетинен Кара-Көл шаардык ички иштер башкармалыгынын 4 кызматкери денелеринен жаракат алышып, ооруканага кайрылышкан. Учурда кылмышка шектүү катары Кара-Көл шаарынын 1990-1991-жылдары туулган 4 тургуну кармалып, 2 айга камакка алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан