Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 25-мартта саат 07:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 62-чакырымында болгон. Анда Форд Фокус унаасы менен Фольксваген Жетта унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен экинчи унаанын эки жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилген.