Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын М.И. жана К.Н. аттуу жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, юридикалык жактар үчүн ижара акысын негизсиз төмөндөтүшкөн. Анын кесепетинен мамлекетке 23 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталган. Учурда “жерге байланыштуу мыйзамсыз бүтүмдөрдү каттоо”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “жер мыйзамын бузуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zman53
2015-03-26 10:51:16
Эгерде мериядан бир эле адамга кылмыш иши козголсо,бут команда мерия баш болуп отставкага кетиш керек.Себеби команданы чогулткан шаар башчысы да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан