Бишкекте каракчылык фактысына шектелген эки бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 13-февралында белгисиз эки адам 30 жаштагы шаар тургунун коркутуп, акчасын алып кетишкен. 27-февралда ошол эле эки адам 28 жаштагы аялды муунтуп, баштыгын алган соң из жашырышкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Нурдин уулу Жуманалы жана Кемелбек уулу Бообек кармалган. Учурда алардын башка алдамчылык жана каракчылык фактыларына тиешелери бар-жогу текшерилүүдө.