Бишкекте уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Д.С. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал оор жүк ташуучу унаасынын эки аккумуляторун белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Русланбек жана 20 жаштагы Рысбек кармалган. Алар жашаган жер текшерүүгө алынып, 2 фара, 1 бампер, 1 дөңгөлөк, 2 автомагнитол, 2 домкрат, 1 баллон ачкычы табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.