Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан жыгач материалдары алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аткезчилик товар Тажикстандан ташылып келе жаткан. Унаанын ичинде 8 куб метр жыгач материалдары болгон. Товарга тиешелүү документтер жок болгон. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.