Борбор калаада уурулукка шектелип эки өспүрүм кыз кармалды

Борбор калаада уурулукка шектелип эки өспүрүм кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар анын батирине терезе аркылуу кирип, баалуу буюмдарын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 15 жана 16 жаштагы өспүрүм кыздар кармалышты. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
beka1207
2015-03-26 14:10:12
А онбогур хулигандар))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан