"Майлуу-Суу жылуулук жабдуу" ишканасынын жетекчиси пара бергени үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ишкана жетекчиси чоң суммадагы акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган. Бул иш ачыкка чыкканда аталган кызматкер ишти жабуу үчүн милицияга 200 миң сом пара сунуштаган. 19-март күнү бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ишкана жетекчиси 200 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.